Садыр Жапаров спортчуларды тосуп алуу аземинде министрге сөгүш жарыялады

Бишкек, 07.08.2021 Sokol.media 

 Бүгүн, 7-августта Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында Олимпиада оюндарынан кайтып келген кыргыз спортчуларын салтанаттуу тосуп алуу аземи өтүп жатат.

Анын башында президент Садыр Жапаровго куттуктоо үчүн сөз берилдиё.

Андан кийин Олимпиадада күмүш медаль жеңген Айсулуу Тыныбекова сөз сүйлөдү.

Андан соң Садыр Жапаров сөз алганда аянтка чогулган эл күмүш медаль жеңген Акжол Махмудовдун ысымын кыйкырып, сөз сүйлөшүн суранышты.

Кайрат Иманалиев алардын суранычы боюнча Акжолго сөз берди. Андан кийин коло медаль жеңген Мээрим Жуманазарова сөз сүйлөдү.

Андан кийин Садыр Жапаров уюштуруучулар тарабынан кемчилик кетип, медаль уткан спортчуларга өз убагында сөз берилбей калганын, анын талабы менен Мээримге дагы сөз берилгенин айтып, «Мына сиздердин көзүңүздөрчө маданият, спорт жана жаштар министри Кайрат Иманалиевге сөгүш жарыялайм», — деди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.