Олимпиада: Жөө күлүк Дарья Маслова марафондо 36-болуп келди

Бишкек, 07.08.2021 Sokol.media 

Кыргызстандык атлет Дарья Маслова Олимпиада оюндарындагы марафондо (42 чакырым 195 метр) чуркап, марага 36-болуп келди. 

Жалпысынан 88 жеңил атлетчи жарышка чыгышкан.

Кыргызстандык жөө күлүк 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 35 мүнөт 35 секунда убакытта чуркап келген.

Бул марафондо Кения өлкөсүнүн спортчусу Перес Жепчирчир ошол эле аралыкты 2 саат 27 мүнөт 20 секунда убакытта чыркап, биринчи келип, олимпиада чемпиону болду.

Дарья Маслова муну менен Олимпиадалык оюндарын жыйынтыктады.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.