Нарындын дрондон тартылган видеосу жарыяланды

Бишкек, 07.08.2021 Sokol.media 

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков калаанын дрондон тартылган видеосун жарыялады.

 

Кадрларда борбордук Ленин көчөсү (узундугу 14 чакырым), Нарындын батыш жана чыгыш бөлүгү көрүнүп турат. Ошондой эле асмандан турак үйлөр, административдик имараттар, эс алуу жайлары тартылган.

Шаар айтылуу Нарын дарыясынын жээгинде жайгашып, деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте турат. Төрт тарабынан тоо курчаган бул аймак адамды укмуштуудай кооз жаратылышы менен суктандырат.

Калаада 40 миң адам жашайт. Баса, Нарын Кыргызстандагы троллейбус каттаган саналуу шаарлардын бири.

Булак: https://sputnik.kg/society/20210807/1053467767/naryndyn-mehri-dron-video-zharyyalady.html

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.