Кызыл-Кыя шаарында сойкукана иштеткен аял кармалды

Бишкек, 07.08.2021 Sokol.media 

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында сойкукана иштеткенге шектелип аял кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-август күнү Кызыл-Кыя шаарындагы өзү жашаган үйдүн мончосуна сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштургандыгы үчүн 33 жаштагы аял аныкталып кармалган.
«Бул аялдын турак үйүн текшерген учурда Ош, Кызыл-Кыя шаарынын 5 тургуну сойкулук менен алектенгендиги белгилүү болду.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 167-беренесинин (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.