Кумтөр кенинин экологиясын бузууга Темир Сариевдин кандай тиешеси бар?

Бишкек, 07.08.2021 Sokol.media 

Кумтөр кенине жакын жерде Давыдов жана Лысый кендери бар. Кыргызстандын Суу кодексинде мөңгүлөрдүн эришине тескери таасир бере турган өндүрүштүн барына тыюу салынат. Бирок, бул мыйзамдан аттап өтүп, Кумтөр алтын кени иштеп жаткандан бери өтө кичирейип бараткан мөңгүлөргө карабай жаңы мыйзамдар кабыл алынып, «Центерра» менен жаңы келишимдер түзүлгөн. Мунун башында 2011-жылдан экономика министри болуп келген Темир Сариев турат. 2012-жылы Кумтөр алтын кенин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлүп аны ошол кездеги бешинчи парламенттин депутаты Садыр Жапаров жетектеген. Бул комиссия тарабынан көп иштер бүткөрүлүп, атайын Кумтөр боюнча китептер чыккан. Бул комиссиянын башкы чечими Кумтөр кенине жакын жайгашышкан Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн экологиялык абалы болгон. Бийликтин түздөн-түз кысымы менен Жогорку Кеңеш депутаттык комиссиянын корутундусун кабыл албай койот. Өкмөт тарабынан мамлекеттик комиссия түзүлөт. Ал комиссияны ошол кездеги экономика министри Темир Сариев жетектеген. Темир Сариев комиссиянын башчысы катары эл аралык эксперттерди алып келген. Германиядан келишкен эксперттер тобун «Центерра» компаниясы капчыгын калыңдатып койгондуктан, алар мөңгүлөрдүн эрип жатышын бүткүл дүйнөлүк глобалдык жылуулукка шылтоолоп, бул мөңгүлөрдүн экологиялык абалына көңүл бурган эмес. 2012-жылы октябрда Кумтөр алтын кенин иликтөө боюнча депутаттык комиссия өздөрүнүн талабы менен митингге чыгышкан, бирок бийликтин жасаган өкүмзардыгынан улам, бийликти басып алууга жасаган аракеттери үчүн айып коюлуп, сегиз айга камалып кетишкен.

2015-жылы Кумтөр ишиндеги билермандыгы үчүн экономика министри болуп жүргөн Темир Сариев өкмөт башчысы болуп шайланат. Ушул күндөн баштап Темир Сариевдин өкмөтү экологиялык оор кесепеттерге карабастан Суу кодексин одоно бузуп, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн «Центерранын» кыргыз алтындарын алышы үчүн салып берүүгө кам көрө баштайт. Темир Сариевдин өкмөтү түзгөн документтер боюнча бул маселе Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринде талкууланат. Ошол кездеги вице-премьер Зилалиев, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү талкаланып жок болуп кеткенин, бирок муну Жогорку Кеңеш аркылуу мыйзамдаштырып коюну суранат. Парламент тарабынан Темир Сариевдин өкмөтү даярдаган Кумтөргө экологиялык кесепеттерди алып келген бул мыйзамдар кабыл алынат. 2017-жылы сентябрда Сапар Исаков башында турган кыргыз өкмөтү менен «Центерранын» ортосунда стратегиялык келишимдер түзүлөт. Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү талкаланууга жол берилип, Кыргызстанда экологиялык катастрофаларга бут тосулбай жол ачылат.

Темир Сариев экономика министри, ошол эле учурда мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда Кумтөр кенинин жумушунан экологияга келтирген чыгымдын суммасын азайтып койгон. Кумтөрдүн экологияга зыян келтиргени үчүн төлөй турчу акчасынан бир нече миллиард сом кыскартып салган. Жыйынтыгында мамлекетти болуп көрбөгөндөй ири суммадагы чыгымга учураткан. Бишкектин Биринчи май райондук соту мурунку премьер-министр Темир Сариевдин баш коргоо чарасын 4-августта карады. Ал УКМКнын кызматкерлери тарабынан Кумтөргө байланышкан иш боюнча кармалган. Темир Сариев сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 30-сентябрга чейин УКМКда камакта калтырылды. Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кумтөр кенине байланыштуу териштирүү иштеринин алкагында күбө катары үстүбүздөгү жылдын 27-майында да сурак берип чыккан. Темир Сариев акыркы күндөрү камактын жанын койбой, ошол жактын тергөөсүнөн чыкпай келатат. Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кумтөр кенине байланыштуу териштирүү иштеринин алкагында күбө катары сурак берип да жүрдү. Бул маалыматты май айында өзү айрым маалымат булактарына тастыктап, бирок чоо-жайын толук айткан эмес.

2016-жылы премьер-министр болуп турган учурунда Темир Сариевдин колу менен бир канча одоно иштер жасалганы эсибизде. Ошонун кесепетинен Темир Сариевге “Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан” деген айып тагылып жатат. Ал өкмөт башчысы кезинде Кумтөрдөн тышкары «Русгидро» менен түзүлгөн келишим бир заматта жокко чыгарылып, ара жолдо Нарында мини ГЭСтер да курулбай, элибиз 38 миллион долларды Оруцсияга кайтарып берген, ортодо бир топ сумма акча жок кылынып кеткен. Ошондой эле ойлонулбаган иш АКШ менен дагы кайталанып, жыйырма беш жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткан, өтө маанилүү эки тараптуу ЮСАИД боюнча келишим бир заматта чийилип, АКШ менен мамиле толугу менен токтоп, кол үзүлгөн. Жылына жүз миллиондогон доллар гранттар келбей калып, бир канча оорукана жана мектептер, ири долбоорлор токтоп калганы эсибизде. Темир Аргембаевич көнгөн адатындай, «Америкага сейилдеп барып келейин» деген ой менен визага тапшырса, ага АКШ элчиси жеке өзү мурун достукка балта чапканын эскертип, кол жайып, виза берилбешин жарыялаганын уктук. Эмне дейбиз? Сариев, албетте, АКШга барбай койсо деле иши жыла берет. Бирок мамлекетибиздин ири державалар менен жакшы мамилебиздин үзүлгөнү жаныбызды кейиткени чын.

Темир Сариев жол министри Малабаев менен Кытайга иш сапары менен барып кыргыздын ишканасына бут тосуп, Балыкчы-Корумду жолун эч нерсеси жок Кытай фирмасынан жардамчысы 6 миллион доллар алып тендерден өткөзүп, берип койгон.Ушул иштер анын өкмөт башчысы катары карьерасынын аякташына алып келген.

2020-жылы бир топ саясий комбинацияларды жасады. Темир Сариевке Кыргызстандын келечеги эмес, бийлик керек экенин көпчүлүк түшүнүп калды. Тагыраак айтканда, элдин бары коронавирустун азабын тартып, парламенттик шайлоону ойлой элек кезде Темир Сариев “Ак шумкарын” чычканга айлантып Өмүрбек Текебаев баштаган “Жаңы демге” кирет. Шайлоо баштала элек жатып Темир Сариев биринчилерден чамынып өз партиясы «Ак шумкарды» садага чаап, «Ата-Мекен» партиясы менен чамына баштайт. Сариевдин негизги оюу лидерлик болгондуктан, ал өтө сыпайы кошоматчылыгы менен “ак сүйүүсүн” Өмүрбек Чиркешовичке билдире баштайт. 2007-жылы да арналган Сариевдин “махабатына” Текебаев ишенбейт да, биринчи орунга Жанар Акаевди алып келет. Ичинде кайнап турган жалындуу сүйүүсү “чокко” айланып, андан соң жокко айланып кеткен Сариев салпалактап партия издеп жүрүп “Каркыраны саттың” деп «кардын тешип» жамандап жүргөн Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясын тандап, эми жүрөгүн Мадумаровго арнай баштайт. “Аялханбы” же Адаханбы жүрөгү жылып баратты эле бийликтин Коопсуздук Кеңешин тейлеп жүрүп, талапкер болгон; ал кездеги Мадумаровдун ишенген адамы Өмүрбек Суваналиев коррупционерлер менен бир болбойм дегендей кылып койсо керек, Мадумаровдун “манты сүйгөн” ооздору Ошингтонду карап, Сариевдин “ак сүйүүсүнө” жооп бербей койот. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы да ошентип аны ары оонатып, бери оонатып кереги жок экен деп, сыртка чыгарып коюшкан. Ошентип жүрүп шайлоонун тизмеси түзүлүп, Темир мырза эч жакка кошулбай калган.

Эки Өмүрбектен жолу болбогон Темике тентип кетпей башаламандыктан пайдаланып ак сүйүүсүн Атамбаевге арнап жиберген. Атамбаев Темир Сариевке тиш кайрап турганда анын маалыматчылары жазган эле: ”Темир Сариев оштуктарды сасык деп атчандары менен Чүйдөн кубалаган” –деп. Темир Сариев Атамбаевке президенттик жана парламенттик шайлоолордо каршы чыгып жүргөн. Чыр чыккан жерден кыя өтпөгөн Темир Сариев 2020-жылы 9-октябрда Атамбаевдин аркасынан ээрчип калыптыр. Атамбаев учурунда аны өкмөт башчысынан кубалап түшүп, артынан узакка кара пиар сүйкөгөн. 2020-жылдагы эле анын саясий кадамдары анын ким экенинин бетин ачты. Темир Сариев Атамбаевди колдоп 2020-жылы 9-октябрда бийликке умтулду эле жетпей калды. Сариевдин айтымында ал өкмөт башчысы кезинде Балыкчы-Корумду жолунда Атамбаевдин бир топ акчаларын «тазалап» койот, себеби Атамбаев «Сени бекер жерден премьер кылдымбы» -дептир. Кийин ушул жерден чыр чыгат. Үзөңгү –Куушту кытайларга берүүдө “мээнет” кылып кытайдын төртүнчү бөлүмү жана президент Акаев тарабынан сый көрүп Бишкек мэриясынын айланасындагы Киев көчөсүнөн Чүй көчөсүнө чейин имараттардын барын менчиктештирип алып, миллионерге айланган. Ошондуктан, Бермет Акаева спикер болуп Кыргызстанды тейлесин дегенде ак эткенден, так этчү. Байлыгы ашып-ташып шайлоо учурунда анча –мынча партияга “кошёлок” болуп бергенден кайра тартпайт.

2006-жылы көп саясатчыларды чогулуп «Ак Шумкар» партиясы түзүлөт. Кийин алардын барын жок кылып Темир Сариев калат. 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо Кубат Байболов экөө «Ак Шумкары» менен «Ата-Мекенге» кошулуп парламентке өтпөй калат. Андан соң Кубат Байболовду да жоготкон. 2010-жылы октябрда чамынып жаткан Убактылуу Өкмөттүн финансы жана экономика министри Темир Сариев парламентке өтпөй калат. Деги мамлекетти бүлгүнгө салган Темир Сариевдин баасы канча?

Булак: https://bayandama.org/2021/08/06/%D0%BA%D1%83%D0%BC%D1%82%D3%A9%D1%80-%D0%BA%D0%B5%D0%BD%D0%B8%D0%BD%D0%B8%D0%BD-%D1%8D%D0%BA%D0%BE%D0%BB%D0%BE%D0%B3%D0%B8%D1%8F%D1%81%D1%8B%D0%BD-%D0%B1%D1%83%D0%B7%D1%83%D1%83%D0%B3%D0%B0-%D1%82/

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.