Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары Эмомали Рахмонго сыйлык ыйгарышты

Бишкек, 07.08.2021 Sokol.media 

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Эмомали Рахмонго сыйлык ыйгарышты. Бул тууралуу тажик президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Түркмөнстандын «Аваза» туристтик аймагында Борбор Азиядагы мамлекет башчыларынын үчүнчү консультативдик жолугушуусу өткөн.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тажик президентине «Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда кызматташтыкты, өз ара түшүнүшүүнү, меймандосдукту жана достукту өнүктүрүүгө, региондогу коопсуздукту, тынчтыкты бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн, региондогу өлкөлөрдүн демилгелерин жана кызыкчылыктарын эл аралык аренада коргогондугу үчүн» «Борбор Азиядагы мамлекет башчыларынын ардактуу белгиси» сыйлыгы тапшырылган.

Эмомали Рахмон бул сыйлыкты алган биринчи адам болду», — деп айтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.