Ассоль Молдокматова журналист Асланбек Сартбаевди трайбализм үчүн жазалоону талап кылууда

Бишкек, 07.08.2021 Sokol.media 

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова журналист Асланбек Сартбаевди трайбализм үчүн жазалоону талап кылууда. Молдокматованын айтымында, ЖМКнын өкүлү Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовго карата басмырлоо постун жазган.

“Ыплас постторуңарды токтоткулачы! Элди түштүк жана түндүк деп бөлбөгүлө. Биз буга жол бербейбиз” – деп жазган Ассоль Молдокматова.

Белгилей кетсек журналист Асланбек Сартбаев кечээ 6-августта төмөндөгүдөй пост калтырган: “Бул итибайдын ошский ромашкалары кимге керек. Ушуну кантип чыдап угуп отурушат”. Бирок кийин бул постту өчүрүп койду.

Мэрдин кеңешчиси Азамат Абсаттаров журналистке карата УКМК чара көрүшү керектигин билдирди.

“Заманбап караңгы киши” деп ушуну айтат. Мыйзам биринчи ушундайларга иштеш керек. Сөз эркиндиги деп деле коргоонун кереги жок! Трайбализм эң чоң оору. Жеткен караңгылык! УКМК сөзсүз түрдө чара көрүшү керек! Кыргызстандыкбыз демейинче алдыга жылыш кыйын” – дейт мэрдин кеңешчиси.

Учурда социалдык тармакта журналистти жоопко тартуу боюнча “мен трайбализмге каршымын” акциясы башталды.

Булак: Элдик Медиа

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.