Акжол Махмудов: «Сиздердин колдогонуңуздарды, ынтымагыңыздарды башкаларга көрсөтүп, мактандык»

Бишкек, 07.08.2021 Sokol.media 

Бүгүн, 7-августта Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар өлкөгө кайтып келишти. Аларды тосуп алуу салтанаты «Ала-Тоо» аянтында өттү.

Салтанатка президент Садыр Жапаров катышып, спортчуларыбыз жана алардын машыктыруучулары кызыл килемден өтүштү. Күмүш медалдын ээси Акжол Махмудов элдин суранычы менен сөз алып, кыргыз элинин биримдиги башка элде болбогонун айтат.
«Күтүүсүз жерден сөз сүйлөп жатканыма толкунданып, сүрдөп жатам. Бир муштумдай биригип спортчуларга өтө чоң дем берип жатасыздар. Биздин мелдештер 2 күмүш, бир коло менен жыйынтыкталды. Бул бизден кийинки жаштарга шык берди деп ойлойм.
Сиздердин колдооңуздарды алыстагы Токиодон сезип жаттык. Аянтта бир муштумдай болуп бириккениңиздер башка бир дагы өлкөдө болгон жок. Сыймыктануу менен башкаларга айтып «биздин беттешти ушинтип көрүп жатышат» деп мактанып жаттык. Сиздердин ынтымагыңыздарга дүйнө эли суктанды. Тилекке каршы, мен ошол күнү силердин үмүтүңөрдү актабай, жакшы эмоция тартуулай албай калдым. Мээрим Жуманазарова үчүнчү орунду алганда сүйүндүм. Анткени мен тартуулабаган эмоцияны Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова тартуулашты.
Олимпиадага кеткенге чейин ыр саптарын угуп калып, ошол менен жашап калгам чынында.
Жер карабай желкени түздөгүлө, Биримдиктин билегин күчтөгүлө.
Тагдырыңды өзүңдүн колуңа алып, Сырттан келген жардамды күтпөгүлө.
Турпагыңа белгиңди чийип кыргыз, Тууңду көтөр ар дайым бийик кыргыз.
Түркөйлөргө чөгөлөп тизе бүкпөй, Түндүгүңдүн алдына бирик кыргыз!», — деп сөзүн жыйынтыктады.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.