Айсулуу Тыныбекова кийинки Олимпиадага катышасызбы деген суроого жооп берди

Бишкек, 07.08.2021 Sokol.media 

Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медалына ээ болгон Айсулуу Тыныбекова маалымат жыйыны учурунда журналисттердин «Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына катышасызбы?» деген суроосуна жооп берди.

Спортчу азыр бул боюнча чечим кабыл ала электигин айтты.

«Мен Токиодогу Олимпиадага алтын медаль алам деген тилек менен баргам. Бирок кудайдын буйругу менен экинчи орунга татыдым. Келерки Олимпиада тууралуу азырынча жооп бере албайм. Анткени командабыз, машыктыруучулар менен кенен отуруп сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Эми гана мекенибизге жетип алдык. Бир апта болобу, бир ай болобу, өзүбүзгө келип алып, андан кийин гана кеңешип туруп чечим кабыл алабыз деп ойлойм. Ошондон соң мекендештериме жообун айтам. Кыргызстандыктар менден жооп күтүп жатканын билем», — деди Тыныбекова.

Белгилей кетсек, Олимпиадага кеткен улуттук курама команданын спортчуларынын басымдуу бөлүгү Кыргызстанга кайтып келип, маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.