Жалал-Абадда айдоочу унааны башкара албай бакты сүзүп, каза болду

Бишкек, 06.08.2021 Sokol.media 

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун 369-чакырымында Mercedes Benz Sprinter унаасынын айдоочусу рулду башкара албай бакты сүздү. 
«Кырсыктын кесепетинен 1990-жылы туулган унаанын айдоочусу каза болуп, 2 аял киши жабыркады», — деп айтылат ӨКМдин маалыматында.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар жабыркаган адамдарды чыгарып, Кара-Көл шаарынын ооруканасына жеткиришкен. Ал эми каза болгон жаранды куткаруучулар унаадан чыгарып «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.