Ысык-Көлдө 101, 6 млн. сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Бишкек, 06.08.2021 Sokol.media 

Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан баасы 100 миллион сомдон ашкан 10 га жер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Кара-Ой айыл өкмөтүнүн 1999-жылдын 31-мартындагы токтому менен ошол эле айылдагы «Каухар» пансионатына жакын жайгашкан 10 гектар жер тилкеси мыйзам бузуу жолу менен Ш.Э. аттуу жарандын жеке менчигине берилип кеткендиги аныкталган», — деп айтылат билдирүүдө.

Мыйзамсыз берилген бул жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында, облустук прокуратура сот органдарына доо арыздар менен кайрылып, алар бардык соттук инстанциялар тарабынан канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде менчикке мыйзамсыз берилип кеткен 101 миллион 641 миң сомдук жер мамлекеттин балансына кабыл алынды.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.