Россиянын демилгеси менен Бишкекке Панфиловдун кайра жасалган эстелиги коюлат

Бишкек, 06.08.2021 Sokol.media 

Президенттик администрациянын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козлов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Ага Россиянын элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу Руслан Бийбосунов жана россиялык скульптор Иван Дубровин катышкан. 

Пикир алышууда Советтер Союзунун баатыры Иван Панфиловдун атын алып жүргөн паркта анын эстелигин тургузуу маселеси талкууланды.

«Россия тарап Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Свердлов облусунун администрациясынын колдоосу менен Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун эстелигин колодон окшош кылып кайра жасап, өлкөгө өткөрүп берүү демилгесин көтөрүп чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Касмамбетов эстеликти кайра жасоо демилгеси үчүн Россия тарапка ыраазычылыгын билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдарга уюштуруу иштеринде ар тараптуу колдоо жана көмөк көрсөтүүнү тапшырган.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.