Олимпиада: Эрназар Акматалиев баштапкы беттешинде жеңилип калды

Бишкек, 06.08.2021 Sokol.media 

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Токиодо өтүп жаткан Олимпиаданын мелдешинин баштапкы этабында жеңилип калды.

Олимпиадага эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда 2019-жылы Азия чемпиону болгон индиялык Бажранг Пуния аттуу балбан менен кез келип, атаандашына 3:3 эсебинде жеңилип калды.Индиялык балбандын упайынын сапатына артыкчылык берилди.

Эгерде индиялык балбан финалга чыга турган болсо, Эрназар Акматалиев коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.