Месси «Барселона» футбол клубунан кетти

Бишкек, 06.08.2021 Sokol.media 

Лионель Месси «Барселона» футбол клубунан кетти. Бул тууралуу «Барселона» клубу расмий түрдө билдирди.

Маалыматта эки тарап келишимди узартууну кааласа да, Ла Лиганын эрежелерине байланышкан экономикалык жана структуралык тоскоолдуктардан улам документке кол коюуга мүмкүн болбогону айтылат. Ошондуктан Месси 2021-2022-жылдары «Барселона» менен болбойт. Аргентиналык 34 жаштагы футболчунун клуб менен келишими 30-июнда бүткөн.

«Барселона» Мессиге ыраазычылык билдирип, жеке жашоосунда жана мындан аркы карьерасында ийгиликтерди каалады.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.