Лейлекте жол тоскондор бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшкөн соң трассаны ачышты

Бишкек, 06.08.2021 Sokol.media 

Бийлик өкүлдөрү кармалган жарандарды бошотуу талабы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын, маселе мыйзам чегинде караларын айтышкан.

Лейлек районунда Ош — Баткен — Исфана жолун тосуп турган жарандар менен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, тосулган жол ачылды. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-августта, эртең менен саат 8:30дар чамасында Катраң айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылына 100дөй адам чогулуп, негизги трассаны тосуп отуруп алышкан. Алар Алмалуу тоосундагы «Апрельское АZI» алтын кенин иштетүүнү токтотууну жана буга байланыштуу кармалган 30 тургунду бошотуу талабын койгон.

Билдирүүгө ылайык, учурда унаа каттамы өз нугунда жүрүп баштады. Ал эми кармалган жарандарды бошотуу талабы боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы, маселе мыйзам чегинде каралары айтылган.

Облус жетекчилигинин маалыматы боюнча, 3-август күнү Өзгөрүш айылында жергиликтүү тургундар Алмалуу тоосундагы «Апрельское АZI» алтын кенин иштеткен компаниянын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктарын билдирип чыгышкан. Жарандар ишкананын техникаларын талкалап, кызматкерлерин ур-токмокко алышкан. Мындан улам укук коргоо органдары тарабынан башаламандыкты уюштурууга катышкан жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.