Кыргызстандык окуучу Балкан матемитикалык олимпиадасында коло байгеге ээ болду

Бишкек, 06.08.2021 Sokol.media 

Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасында коло медаль утту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Олимпиада 1-июлда башталып, 4-июлда жыйынтыкталган. Ага бардыгы болуп 22 мамлекеттен 128 окуучу катышкан.
Кыргызстандык команданын курамы:
• Абдумалик Турсунов, Келечек-MIT;
• Актан Койчуманов, «Газпром-Кыргызстан» мектеби;
• Максим Залепо, №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи;
• Нурсултан Эшперов, «Газпром-Кыргызстан» мектеби;
• Станкулов Илим, United World эл аралык мектеби;
• Фёдор Корнияш, №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.