«Кыргыз көмүрдүн» директору октябрга чейин камакка алынды

Бишкек, 06.08.2021 Sokol.media 

Кечээ, 5-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда «Кыргыз көмүр» ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевдин бөгөт чарасы каралып, октябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу аталган райондук сотунан билдиришти.

Тактап айтканда, Ашырбаев сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 3-октябрга чейин УКМКнын абагында болот.

Буга чейин УКМК «Кыргыз көмүрдүн» директору А.К.Ы. жана «Кара-Кеченин» филиалынын бухгалтери Д.Р.Э. 3-августта кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин маалымдаган..

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик компаниясынын жетекчиси Кара-Кече кенинен казылган көмүрдү сатууда жеке пайдасы үчүн коррупциялык схема түзүп алган. Башкача айтканда, казылып алынган көмүр кол алдындагы компаниялар аркылуу керектөөчүлөргө, анын ичинде Бишкек Жылуулук электр борборуна сатылып турган», — деп билдирген УКМК.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.