«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Бишкек, 06.08.2021 Sokol.media 

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасына жаңы директор дайындалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, директорлук кызматка Марат Турдубаев дайындалган.

Маалыматтар боюнча, ал Балыкчы шаарындагы «Каухар-Таш» темир-бетон буюмдар заводунда 30 жыл иштеген. 2015-жылдын январында аталган шаардын мэри болуп шайланган. Ошол эле жылдын июль айында арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

Ал эми ишкананын мурдагы директору Канатбек Ашырбаев УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалып, 3-октябрга чейин камакка алынган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.