Күзүндө өлкөгө Sinopharm жана Pfizer вакциналарынын келиши күтүлүүдө

Бишкек, 06.08.2021 Sokol.media 

Күзүндө Sinopharm жана Pfizer вакциналарынын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

Маалыматка ылайык, COVAX механизминин алкагында сентябь айынын аягында Кытайдын Sinopharm вакцинасы кайтарымсыз түрдө келери күтүлүүдө, ошондой эле күздүн ортосунда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы алып келинет.

«2022-жылдын биринчи кварталында Дүйнөлүк банктын донордук колдоосунун линиясы менен Moderna вакцинасы келиши маселеси каралууда. Биз дипломатиялык каналдар аркылуу чет өлкөлүк кесиптештерибиз менен келечектеги вакциналарды алуу боюнча ишти улантуудабыз», —деди ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.