Эртең «Ала-Тоо» аянтында Олимпиадага катышкан спортчуларды салтанаттуу тосуп алуу аземи өтөт

Бишкек, 06.08.2021 Sokol.media 

Эртең, 7-августта «Ала-Тоо» аянтында «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарында өлкө намысын коргогон улуттук курама командабыздын мүчөлөрүнө арналган салтанаттуу кече уюштурулат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Олимпиадага кеткен улуттук курама команда эртең, 7-августта Кыргыз өлкөсүнө кайтып келишет.

Маалыматка караганда, салтанаттуу кече саат 13:00дө башталып, ага Олимпиадалык курамдын бардык мүчөлөрү, спортчулар жана машыктыруучулар катышат. Андыктан спортчуларды тосуп алууну каалаган жарандарга борбордук аянтка келүү сунушталат.

Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медаль алган.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.