«Элиза үй буюмдарынын» өкүлдөрү үй камагына чыгарылды

Бишкек, 06.08.2021 Sokol.media 

27-июлда «Элиза үй буюмдарынын» өкүлдөрү алдамчылыкка шектелип кармалганы маалымдалган. Шектүүлөр, тагыраагы 24 жаштагы Элиза Бактыбек кызы жана анын 27 жаштагы жолдошу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 5-августта алардын баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынган.

Эске салсак, буга чейин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Э. аттуу аял алдамчылык жолу менен анын ишенимине кирип, «Элиза үй буюмдары» тобундагы абоненттик номерлердин акчасын көбөйтүп берүүнү убада кылып, акча каражатын алганын жазган. Ошондой эле «Элиза үй буюмдарынын» өкүлдөрү каржы пирамидасынын уюштуруучулары болуп саналганы белгилүү болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүп баштаган.

Булак: :http//www.super.kg/kabar/news/371973/

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.