Чек ара: Тажикстандын жарандары такталбаган жерге тосмо куруп башташкан

Бишкек, 06.08.2021 Sokol.media 

Тажикстандын жарандары Баткендин Лейлек районунун Максат айылында кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерге тосмо курган. Мындай билдирүүнү УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Окуя аталган аймактагы «Футбол талаасы» деп аталган такталбаган участкада болжол менен 18:30дарда болгон. Анда Тажикстандын Овчи-Калача айылынын тургундары өз алдынча тосмо тургузушкан.

«Буга байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, курулушту токтоткон», — деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы тапта аталган аймакта абал туруктуу . Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп жатат.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.