Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо бир күндө өтөт

Бишкек, 06.08.2021 Sokol.media 

Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо бир күндө, тагыраагы 26-августта өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Искендер Гаипкулов билдирди.

Шаар мэри шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү менен шайланат.

Белгилей кетсек, 2- августта Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал бул кызматка чейин Ош шаарынын мэри кызматын аркалап келген.

Сарыбашовдун ордуна Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрагасы, президенттин мурунку иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Мамбетов Ош муниципалитетинин убактылуу башчысы болуп дайындалган.

Ал эми президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болуп мурдагы Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов дайындалган.
http://www.super.kg/kabar/news/371945/

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.