Актриса Динара Багышбаева турмушка чыкты

Бишкек, 06.08.2021 Sokol.media 

«Бунт», «Кайнене», «Супер келиндер», «Кыялкэштер» жана башка тасмалардагы ролдору менен таанылган актриса Динара Багышбаева турмуш жолуна аттанды. Бүгүн, 6-августта актрисанын кыз узатуу тою Оштогу тойканалардын биринде өтөт. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирген.

Маалыматка ылайык, Динара Багышбаева Токтогулга келин болот.

Актриса 1992-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Ал алгач «Тамашоуго» «No name» командасынын катарында катышып, кийин тасма, клиптерде образ жарата баштаган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.