АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир жыл ичинде 1,6 пайызга өскөн

Fuel pump inserted in the gas tank hatch. Refueling a passenger car with gasoline. Yellow fuel pump with number 92 refuel the car with petrol , vertical closeup

Бишкек, 06.08.2021 Sokol.media 

Кыргызстанда айдоочулар арасында популярдуу  болгон АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир жыл ичинде 1,6 пайызга өсүп, июль айында 53,32 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ал эми дизелдик майдын литри 48,11 сомго жетип, дээрлик 1,4 эсеге кымбаттады.

Маалыматка ылайык, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин чекене баасы республикалык орточо көрсөткүчтөн Исфана (бир литри 57,75 сом), Баткен (57,12 сом), Ноокат (56,10 сом) шаарларында жогору болуп турат.

Ал эми төмөн баалар Талас (бир литри 51,69 сом), Нарын (46,24 сом), Токмок (51,46 сом) калааларында катталды.

 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.