Жаңы окуу жылында бирдиктүү мектеп формасы талап кылынабы?

Бишкек, 05.08.2021 Sokol.media 

Жаңы окуу жылында окуучуларга мектеп формаcын милдеттүү түрдө кийүү талабы коюлбайт, деди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында.

Анын айтымында, мурдараак эпидемиологиялык кырдаалга жана окуу форматына байланыштуу мектептик форманы талап кылбоо чечими кабыл алынган.

«Болгону асты кара, үстү ак кийим кийип, ал тыкан, таза болсун дегенбиз. Эгер балдарга кийим алып койсоңор, анысын кийгизе бергиле. Форма эски болуп, жаңыга акча жетпей жатса ага каражат коротуп кажети жок. Азыркыдай мезгилде окшош кийинбей деле окуса болот», — деди Жусупбекова.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.