Турусбек Мамашев: Ысык-Көлдө өтө турган марофондун башкы максаты туризмди өнүктүрүү

Бишкек, 05.08.2021 Sokol.media 

Ысык-Көлдө өтө турган марофондун башкы максаты туризмди өнүктүрүү. Мындай пикирди кечээ, 4-августта NazarNews маалымат агенттигине “Issyk-Kul Swim 181”, “GAMMA REvolution Fest’21” жана “Issyk-Kol Race 2021” эл аралык марафондун уюштуруучусу, “Дасмия” компаниясынын президенти Турусбек Мамашев билдирди.

—“Биз уюштуруучулар болуп, Садыр Жапаровго иш-чара жөнүндө айттык. Ал бул долбоорду кубануу менен кубаттады. Себеби, бул долбоордо чоң максаттар бар. Башкысы туризмди көтөрүү. Өлкөбүздүн бермети көгүлтүр Ысык-көлгө уюштурууну пландадык. Туристтерди тартып, башка мамлекеттерге даңазалайбыз.

Мындан сырктары ден-соолукту чыңдоого багытталган иш-чаралар дагы камтылган. Сууда сүзүү боюнча спорт чебери Шулико Владислав Ысык-Көлдө сүзүп өтөм деп тилек кылып жатат. Бизде ага болгон ишеним чоң. Ал бул кадамы менен дүйнөлүк рекордду жаңыртса болот. Анткени, акыркы дүйнөлүк рекорд 180км болуптур. Шулико Владислав 181км сүзсө, рекорд жаңыланат”, — дейт Мамашев.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги “Issyk-Kul Swim 181”, “GAMMA REvolution Fest’21” жана “Issyk-Kol Race 2021” деген аталыштагы марафон өткөрүлөт. “GAMMA” марафону 24-29-августка чейин уланып, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдө өткөрүлөт.

Аталган марафондун негизинде Ысык-Көлдө сууга сүзүү, веложарыш, шахмат болот. Ошону менен катар блогерлердин, IT тармагынын өкүлдөрүнүн жана ишкерлердин форуму өткөрүлөт. Мындан сырткары кино фестивалы дагы уюштурулат.

Булак: NazarNews.kg

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.