Садыр Жапаров иш сапары менен Түркмөнбашы шаарына барды

Бишкек, 05.08.2021 Sokol.media 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта, иш сапары менен Түркмөнбашы (Түркмөнстан) шаарына келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы Түркмөнбашы шаарынын эл аралык аэропортуна келип конуп, аны траптан Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Чарымурад Пурчеков тосуп алды.

Эл аралык аба майданында Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик туулары илинип, килемчелер төшөлгөн.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат жана мүчө-мамлекеттердин президенттери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.