Равшан Жээнбеков эки айга камакка алынды

Бишкек, 05.08.2021 Sokol.media 

Бүгүн, 5-августта саясатчы Равшан Жээнбеков 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, ал 5-октябрга чейин №21 тергөө абагына камалды.

«Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 5 -августундагы чечими менен Равшан Жээнбеков үй камагына алуу боюнча мурда тандалган баш коргоо чарасы 2021-жылдын 5 -октябрына чейин камакка алуу менен өзгөртүлүп, №21 мекемесинде кармоо менен алмаштырылды», — деп билдиришти райондук соттон.

Ал эми жактоочу Замир Жоошев Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү Кош-Таш окуясына байланыштуу экендигин айтты.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.