Олимпиада: Медалдардын саны боюнча Кыргызстан Борбор Азияда алдыңкы сапка чыкты

Бишкек, 05.08.2021 Sokol.media 

Кыргызстан Токио-2020 Олимпиада оюндарында медалдардын саны боюнча 62-сапка чыкты. Олимпиада-2020 мелдешинин расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, Кыргызстандын капчыгында эки күмүш, бир коло байге бар.

Ушундай эле көрсөткүч менен 62-орунда Армения, Колумбия жана Доминикан Республикасы турат.

Медаль алуу жарышында Кытай 32 алтын, 23 күмүш жана 16 коло байге утуп, тизменин сап башында. Экинчиде АКШ, аларда 27 алтын, 33 күмүш жана 24 коло байге бар. 21 алтын, 7 күмүш жана 13 коло медаль менен Япония алдыңкы үчтүккө кирди.

Борбор Азия мамлекеттеринин арасында Өзбекстан алдыда. Коңшу өлкө эки алтын жана бир коло байге менен 30-сапка жайгашкан. 

Кыргызстандын капчыгында грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов менен балбан кыз Айсулуу Тыныбекова уткан эки күмүш медаль жана дагы бир балбан кыз Мээрим Жуманазарова жеңип алган коло байге бар. Токиого Кыргызстандан спорттун жети түрүнөн 16 атлет барган.

Андан ары тизмеде Түркмөнстан 70-орунда. Өлкөнүн тарыхында азырынча алгачкы олимпиадалык күмүш медалды оор атлетчи Полина Гурьева уткан. Түркмөнстандан бул мелдешке тогуз спортчу барган.

Казакстандан бул оюндарга 19 спорттун түрүнөн 93 атлет барган. Азыркы тапта төрт коло байге менен 75-сапта жайгашууда.

Тажикстандык спортчулар Олимпиадалык мелдештен медалсыз кайтты.

Олимпиада–2020 турнирине жалпысынан 12 миңден ашык спортчу катышууда. Мелдеште 339 комплект медаль ойнотулат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.