Олимпиада: Айаал Лазарев коло медаль үчүн күрөшөт

Бишкек, 05.08.2021 Sokol.media 

Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Ал бүгүн, 5-августта эркин күрөш боюнча 125 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашып баштаган. Бул салмакта жалпы 16 спортчу бар болчу.

Лазарев 1/8 финалдык баскычта АКШнын Дэн Гейбл Стивенсон аттуу балбаны менен кармашты.

Бирок 2 мүнөт 2 секунд ичинде 10:0 эсеби  менен жеңилип калган.

Америкалык чейрек финалда түрк Таху Акгүлдү, жарым финалда монгол балбанын жеңди.

Мунун аркасында Лазарев жубатуучу турнирде коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Жубатуучу бетештин биринчи раундунда Лазарев 6-августта түркиялык Таха Акгүл менен беттешет.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.