Окуучулар сентябрда кандай тартипте билим алышат? Министрликтин жообу

Бишкек, 05.08.2021 Sokol.media 

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова окуучулар менен студенттер 1-сентябрдан тарта кандай тартипте окуй тургандыгы жөнүндө маалымат берди.

«Биз бул маселеде эки факторду эске алдык. Биринчиси — педагогдорду эмдөө. Кыргызстанда 120 миңге чукул мугалим иштейт. Азыркы тапта анын 60 пайызынан көбү вакцина алды. Калган бөлүгү да медиктердин уруксаты менен эмделет деп ойлойбуз.

Экинчисинде окутуу формасын чечүүдө ар бир облус ошол аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечим кабыл алат. Өткөн окуу жылында да ар бир облус, районду карап, өзүлөрү чечим кылышкан», — деди Жусупбекова.

Ал мектеп, университет, лицей, бала бакчалар кадимки тартипте иштеп баштоо үчүн министрлик Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен чогуу иштеп жатканын белгилеген.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.