Мелис Турганбаевдин Айсулуу Тыныбекованын медалы менен түшкөн сүрөтү кызуу талкуу жаратты

Бишкек, 05.08.2021 Sokol.media 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Мелис Турганбаевдин Айсулуу Тыныбекованын Олимпиада оюндарында алган күмүш медалын мойнуна илип түшкөн сүрөтү социалдык тармактарда жарыяланды. 

Аталган сурөт интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жаратты. Фейсбуктун колдонуучулары нааразы болуп, башкалардын сыйлыктары менен сүрөткө түшүүнү этикага туура келбейт деп эсептешти.  Мындан тышкары, анын Токиого барганы да нааразычылык жаратты.

Буга чейин Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызынын машыктыруучусу Дүйшөн Жуманазаров Токиого барган делегациянын курамына кирбей калганын айткан эле.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.