Бишкек мэриясы шаар тургундарын ишембиликке чакырды

Бишкек,05.08.2021 Sokol.media 

Мэрия 7-августта Бишкекте ишембилик өтө турганын билдирип, шаардыктарды борбор калааны тазалашууга чакырды.

Маалыматка караганда ишембиликте көчө, короо, парк, сквер, ирригациялык системалар тазаланат.

“Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер, шаарыбызды чогуу тазалайлы”, — деп айтылат маалыматта.

Ишембилик өтө турчу аймактар райондук администрациялар аркылуу бөлүнөрү кошумчаланды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.