Айсулууга күмүш медалы үчүн мамлекет канча сый акы берет?

Бишкек, 05.08.2021 Sokol.media 

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалына ээ болду. Ал 62 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашкан.

Олимпиада оюндарына чейин Кыргызстандын өкмөтү медаль жеңген спортчуларга акчалай сыйлык берүү жөнүндө токтом чыгарган. Ага ылайык, Тыныбековага күмүш медалы үчүн мамлекет тарабынан 7,5 млн сом берилет.

Андан сырткары, Олимпиада оюндарындагы кыргыз балбандарынын башкы жана улук машыктыруучусу, дарыгер жана укалоочу, Тыныбекованын жеке жана биринчи машыктыруучусу да акчалай сыйлык менен сыйланат.

Жалпысынан мамлекет Тыныбекованын күмүш медалы үчүн 15 млн 725 миң сом бөлөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, акчалай сыйлыктарга салык алынбайт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.