Айсулуу Тыныбекованы жеңген балбан дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү

Бишкек, 05.08.2021 Sokol.media

Токиодогу Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекованы жеңип, алтын уткан япониялык балбан кыз Юкако Каваи дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү.

 

Юкако Каваи Олимпиаданын алтынын алгандан кийин Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде экинчи орунга чыккан.

 

Ал эми биринчи орунда мурункудай эле Айсулуу Тыныбекова турат. Ал Олимпиадада күмүш утту.

 

Үчүнчү орунду Олимпиада оюндарында коло байге алган украиналык Ирина Коляденко ээледи.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.