Айдиль, Айдин жана Айилима атту үч эм жарыкка келди

Бишкек, 05.08.2021 Sokol.media 

31-июлда Кемин районунун Алмалуу айылынын 30 жаштагы тургуну Илим Аскарбековдун үй-бүлөсүндө 3 эм жарык дүйнөгө келди.

Илим Аскарбеков буга чейин 3 баланын (2 кыз, 1 уулу) атасы болгон.

«Келинчегимдин абалы жакшы. Операция жолу менен төрөдү. Балдарымдын аттарын Айдиль, Айдин жана кызымдыкын Айилима деп койдук. Салмактары: 1,70 кг, 1,60 кг жана 2 кг болуп төрөлүштү.

31-июль күнү Бишкек шаарындагы №6 төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келишти. Азыркы кырдаалга жараша дарыгерлер 3 эм төрөлгөнүн эч кимге жарыялашкан жок окшойт», — деди ал.

Булак: Турмуш

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.