Жогорку Кеңеш чек арадагы жарандарга курал берүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Парламент 22-июлдагы жыйынында “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алды. Документти 106 депутат колдоду.

Долбоорго ылайык, “ыйгарым укуктуу жарандарды” жылына эки жолудан кем эмес атайын окуудан, аскердик даярдыктан өткөрүү жана курал берүү каралган. Мындан сырткары алардын өмүрүн, саламаттыгын камсыздоого мамлекеттик кепилдик берилет.

“Чек арачы ыйгарым укуктуулар жөнүндө” мыйзамы 2015-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздоого чек ара аймактарында жашаган жарандар тартылып, аларга “чек ара ыйгарым укуктуулары” деген макам берилет.

Бүгүнкү күндө жалпы 140 чек ара ыйгарым укуктуу жаран кызмат кылат. Беш жыл аралыгында алардын арасынан жараат алгандар, же жабыркагандар болгон эмес. Азыр мындай жарандарга 14 миң сомго жакын айлык төлөнөт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.