Жээнбеков менен Отунбаеванын «экс» макамын алууга 100 миң кол топтолду

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media

Чыңгыз Капаров башында турган бир катар активисттер экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеванын экс-президент статусунан ажыратуу боюнча кол топтоону улантышууда.

Чыңгыз Капаровдун маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата 100 миң кол топтолду. Ал эми Парламентке бул популярдуу демилгени киргизүү үчүн 300миң анык кол топтоо керек. Чыңгыз Капаров иш-чара документти парламентке тапшыруу үчүн керектүү сандагы кол топтомоюнча уланарын белгиледи.

Активисттер мындай кол топтоолорунун себеби катары Роза Отунбаева шайланган шайлоо атаандаштык негизде өтпөгөнү, ал эми Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы мөөнөтүнөн мурда отставкага кеткенин айтышууда.
«Эки бийликтин тушунда тең өлкө жол берилгис жоготууларга учурады» — дейт Чыңгыз Капаров.

Кол топтоо Бишкек шаарында Ала-Тоо аянтындагы Илбирс имаратында ар жума жана ишемби күндөрү саат 10.00дөн 18.00гө чейин жүргүзүлөт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.