Жарасул Абдураимов Экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Абдураимов Жарасул Осмоналиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Белгилей кетсек, Жарасул Абдураимовду жаңы кызматка дайындоо тууралуу чечим анын өнөр жай секторундагы бай тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынган, мурда ал бир катар өнөр жай объектилерин жетектеп келген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.