Чек ара жаңжалында кыйраган үйлөрдүн 80 пайызы курулуп бүттү

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен каза болгондордун  үй-бүлөсү үчүн курулуп жаткан 36 турак-жайдын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Бул максатта Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 5 га жер тилкеси бөлүнгөн.

Белгиленгендей, мында 6 сотук жер тилкеси бар 4 бөлмөлүү үйлөр курулат. Алар тийиштүү техника жана эмерек менен камсыздалат, ошондой эле борбордук коммуникацияларды өткөрүү пландаштырылууда.

«Курулуп жаткан үйлөр жаңы жашоонун башаты болсун», — деди Улукбек Марипов. 

Белгилесек, турак-жайлардын курулушу 80% бүткөрүлгөн, аларды үстүбүздөгү жылдын 31-августунда пайдаланууга берүү мерчемделген. Мындан тышкары аталган шаарчанын аймагында балдар бакчасын куруу пландаштырылууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.