Тажикстан «Головной» аймагына видеобайкоо койдубу? Баткен ОИИБинин жообу

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media

Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы «Головной» участкасындагы суу бөлүштүрүүчү жайга тажик тараптын видеобайкоо коюлду деген маалыматына төмөнкүдөй түшүндүрмө берет.


Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы стратегиялык аймак болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан атайын кайтарууга алынган. 2021-жылдын 28-апрель күнү кыргыз тажик ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал жерге орнотулган видеокөзөмөлдөр таш ыргытуудан улам талкаланып, жараксыз абалга учураган.


Бүгүнкү күндө жабыркап, талкаланган жерлер кайрадан калыбына келтирилип, эки элдин ортосундагы чыр-чатактын алдын алуу максатында эки тарап тең өз аймактарына видеокөзөмөлдөрдү орнотушкан.
Азыркы учурда аталган аймакты Кыргыз Республикасынын ИИМи кайтарууга алып, толук көзөмөл жүргүзүп турат, абал туруктуу.

Буга чейин Тажикстандын басылмасы Головной суу бөлүштүрүү аймагына видео көзөмөл коюлганын жазып чыккан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.