Соңку суткада 1837 бейтап коронавирустан сакайып, 1169 жаңы учур катталды

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Соңку суткада өлкө аймагында 1169 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Бишкек — 760
Ош шаары — 13
Чүй облусу – 132
Ош облусу – 31
Талас облусу — 12
Нарын облусу — 17
Ысык-Көл облусу – 52
Жалал-Абад облусу – 76
Баткен облусу — 76

Жалпы республика боюнча 153 миң 878 адамга коронавирус диагнозу коюлду.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 1837 бейтап оорудан сакайды. Алардын арасында эң көбү Бишкек шаарында катталды.

Бишкек – 1303
Ош шаары – 95
Чүй облусу – 155
Ош облусу – 35
Талас облусу – 13
Нарын облусу – 12
Ысык-Көл облусу – 36
Жалал-Абад облусу – 95
Баткен облусу – 93

Өлкө боюнча коронавирус илдетинен сакайгандардын саны 130 миң 742ни түздү.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.