Россияда кыргыз жараны аны мазактаган кишини өлтүрүп, кийин өз жанын кыйган

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Россиянын Москва облусунда «ЦентрСервис» фармацевтикалык компаниясынын кампасынан эки адамдын жансыз денеси табылды. Алардын бирөөсү Кыргыз жараны болгон. Бул тууралуу РБК басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун бири 1981-жылы туулган Лиллиан Чоту аттуу жаран болгон. Анын денесинин беш жеринде бычак менен келтирилген жаракаттар аныкталган. Тагыраагы, көкүрөк тушу, курсагы, моюну жана жүзүнүн сол тарабы мурундан кулагына чейин кесилген.

Ал эми сөөгү табылган экинчи адам 1965-жылы туулган Атынбек Айбашов аттуу Кыргыз жараны. Иликтөөнүн жыйынтыгында ал өзүн-өзү өлтүргөнү маалым болгон.

Ошондой эле Кыргыз жаранынын жанынан каракалпак тилинде жазылган кат дагы табылган. Катта Лиллиана Чоту аны мазактаганы, ал тургай эки жолу бычак менен өлтүрүүгө аракет кылганы жазылган. Андан соң ал Чотуну бычак менен өлтүрүп, кийин өз жанын кыйганын жазып калтырган.

Маалыматка ылайык, жансыз денеси табылган эки жаран тең Москва облусунда каттоодо турган. Бирок Раменск шаарында жашашкан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.