Президент менен депутаттардын жолугушуусунда эмне маселелер талкууланды?

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 21-июлда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер, ошондой эле парламенттин кароосунда турган актуалдуу мыйзам долбоорлору боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы өлкөнүн саясий жана коомдук турмушундагы Жогорку Кеңештин маанилүү ролун белгиледи.

«Ал бардык күчтү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын курууга багыттоо зарылдыгын белгиледи. Садыр Жапаров жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына жана мыйзамдуулук үстөмдүгү принциптерине болгон ишенимин бекемдөөнүн маанисине көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров парламенттин бийликтин бардык бутактары менен катар эле ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди, анын ичинде коронавирус инфекциясынын пандемиясынын кесепеттеринен улам келип чыккан маселелерди тез арада чечүү боюнча консолидацияланган иш жүргүзүшү керектигин белгиледи», — деп айтылат билдирүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.