Президент аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындады. Алар кимдер?

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыктарга ылайык:

— Алимбаев Абдикарим Карбекович президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Ашимбаев Сабыркул Абасович президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Жамалдинов Зиядин Исламович президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Кожоев Мирбек Кокулбаевич президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Нарбеков Бакытбек Наркулович президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Сыргабаев Абсаттар Токтогулович президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Тентишев Эркин Саткынбаевич президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Эске салсак, буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыздоо, аймактарда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлгөн.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.