Пара талап кылуу фактысы менен Сокулук РИИБинин 3 кызматкери кармалды (сүрөт)

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Пара талап кылуу фактысы менен ИИМдин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте миң доллар өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Сокулук РИИБинин кызматкерлери аныкталып, кармалышты.

Анда Сокулук РИИБинин бөлүм башчысынын орун басары А.К., тергөөчү И.А. жана М.А. жарандын өндүрүш ишин оң жакка чечип беребиз деп акча талап кылышкан.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 326-беренеси (пара опузалоо) менен катталган.

Азыркы учурда кызматкерлер камакка алынып, тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.