Орхан Инандыны 22 жылга эркинен ажыратуу сунушталды

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Анкара Башкы прокуратурасы ФЕТОнун Орто Азиядагы башчысы Орхан Инанды «куралдуу террордук уюмду башкарган» деп айыпталып, 22,5 жылга чейин эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу маалыматты түркиялык басылмалар жазып чыгышты..

Маалыматка ылайык, ФЕТОнун Борбор Азиядагы башчысы Орхан Инандыга каршы «куралдуу террордук уюмду башкаруу» беренеси боюнча иш козголгон.

Анкара Башкы прокуратурасынын билдирүүсүнө ылайык, Террористтик Кылмыштарды Тергөө Бюросу тарабынан даярдалган айыптоо корутундусу жогорку кылмыш сотуна жөнөтүлдү.

Айыптоо корутундусунда, Инандыга «куралдуу террордук уюмду башкаруу» деген айып менен 15 жылдан 22 жыл 6 айга чейин түрмө жазасы талап кылынган.

Булак: maalymat.kg

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.