Момбеков: «Министр сүрдөбөсүн деп Токтайым Үмөталиеваны чакырып берелиби?»

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.mediа

Бүгүн, 22-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында «Министрлер кабинети жөнүндө»  мыйзам долбоору каралып жатат. Айрым депутаттар баяндамачы — юстиция министри Асел Чынбаеванын орусча сүйлөгөнүнө, даяр эместигине жана суроолорго жооп бере албай жатканына нааразы болушту.

Президенттин өкүлү Анарбек Калматов мыйзам долбоорунун концепциясын колдоону суранып, министр сүрдөп жаткандыгын белгиледи.

Буга депутат Рыскелди Момбеков: «Министр сүрдөп жатат дейт. Сүрдөбөсүн деп Токтайым Үмөталиеваны чакырып берелиби? Жанында олтуруп массаж кылып турсун»,- деди.

Эске сала кетсек, кечээ, 21-июлда, Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында укук коргоочу Токтайым Үмөталиева министр Асел Чынбаевага массаж жасаган видеосу тарап, талкууга алынды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.