Момбеков: Элибиз малга айланып бара жатат

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Жоргоку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Замир Казакбаевдин You Tube каналына маек берип жатып, эл малга айланып бара жатканын айтты.

Анын айтымында, бизде билим берүү сапаты өтө төмөн.

“Мамлекеттин эң негизги байлыгы Кумтөр эмес, эл. Бийликти эмес мамлкетти, элди сактап калышым керек деген мамиле жок болуп жатат. Мамиленин жокутугунан элибиз малга айланып бара жатат. Мамлекет башчы ушулардын баарын билиш керек. Билим берүү системасы толук деградацияда. “Бузук элге бучук бий” деп коет, бул туура эле. Анткени элдин калоосу ушул болуп жатат. Ошон үчүн бийлик башына келгендер элди эстен чыгарып коюп жатышат”,-дейт эл өкүлү.

Булак: kabarchy.kg

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.